Жалал-Абаддагы 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Окуянын чоо-жайы

Бүгүн, 12-июнда Жалал-Абад облусунда 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсык катталган. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан окуя боюнча айтып беришти.

Маалыматка караганда, Хонда Одиссейди 1995-жылы туулган Ооган-Талаа айылынын тургуну башкарып бара жаткан. Ал Бишкектен Ош тарапка бара жатып, каршы тилкедеги Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Оор жүк ташуучу унааны 1965-жылы туулган Куршаб айылынын жашоочусу башкарып бара жаткан.

Жеңил унаанын айдоочусу Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ушул эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан 1987-жылы туулган Өзбек жараны жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Андан тышкары жеңил унаада ата, анын 1999-жылы туулган баласы, 1969-жылы туулган аял жана анын 2002-жылы туулган уулу, ошондой эле 1994-жылы туулган жаран, мындан тышкары 2 адам (аты-жөнү тактала элек бир аял, бир эркек) жеринде каза болушкан. Бул факты Ноокен РИИБинин электрондук журналына катталды.