Жалал-Абаддагы «Ага-ини» тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти

«Ага-ини» тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан маалымдашты.

Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимовдун билдиришинче, уулангандардын саны 40ка жетти. Алардын арасынан 28 бейтап ооруканада болсо, 12си үйүндө дарыланууда.

27-июнь күнү «Ага-Ини» тез татым даярдалуучу тамактануучу жайда алгач 19 адам ууланган. Андан кийин уулангандардын саны 35ке чейин жетип, аталган тамактануучу жайга санитардык норманы сактабагандыгы үчүн 7500 сом айып пул салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.