Жалал-Абаддагы аттракциондон кулаган 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, «Жеңиш» эс алуу багындагы аттракционго Сузак районунун 1997 жана 2004-жылы туулган тургундары ойногону чыккан учурда отургуч сынып кетип, жыгылып түшүшкөнүн, алар ооруканага жеткирилгенин билдиришкен.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Ал эми 25 жаштагы жигиттин колу-буту сынган. Анын абалы жакшы.