Жалал-Абаддагы аттракциондон кулаган 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнөн чыкты

Жалал-Абаддагы аттракциондон кулаган 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнөн чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал травматология бөлүмүнө которулган. «Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Алдыда операция жасалат«, — деп билдиришти ооруканадан.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, «Жеңиш» эс алуу багындагы аттракционго Сузак районунун 1997 жана 2004-жылы туулган тургундары ойногону чыккан учурда отургуч сынып кетип, жыгылып түшүшкөнүн, алар ооруканага жеткирилгенин билдиришкен. Кийинчерээк кыздын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү маалымдалган.