Бүгүн, 27-майда болжол менен саат 11:48де Жалал-Абад шаарында жайгашкан менчик бала бакчанын ашканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:49да Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, бала бакчадагы 33 тарбиялануучу жана 3 тарбиячы куткаруучулар тарабынан эвакуцияланып, газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылды.
Өрт чыккан аймактын жалпы аянты 120 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себептери такталууда.