Жалал-Абаддагы балдар аянтчасында өспүрүмгө кол көтөргөн аял кармалды (видео)

20-августта социалдык тармактарда балдар аянтчасында аялдын балага кол көтөргөн видеосу тараган. Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришип, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришкен. Бүгүн, 22-августта милиция маалымат таратып, шектүү камакка алынганын билдиришти.

Натыйжада 2012-жылы туулган өспүрүм баш мээсинин чайкалуусу менен Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына жаткырылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 1994-жылы туулган тургуну кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.