Жалал-Абаддагы базарда киши колдуу болгон жаран. Шектүү катары 21 жаштагы жигит кармалды

Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, 14-март күнү саат 16:25 чамасында Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында жаранды учтуу нерсе менен сайып, шектүүнүн окуя болгон жерден качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болуп калган.

Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 2003-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү тергөөдө көрсөтмө берип, сөз талашып уруша кеткендиктен бычак менен далысынын асты тарабына сайып жибергендигин билдирген.