Жалал-Абаддагы дарыканада рецеби жок күчтүү дары сатылып келген

Жалал-Абад облустук милициясы дарыгердин рецеби жок күчтүү дары саткан дарыкананы аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын аймагындагы дарыканалардын биринде предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын мыйзамсыз жана дарыгердин рецеби жок сатып жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтарды алышкан.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган жана бул факты аныкталган. Учурда териштирүү иштери уланууда.