Жалал-Абаддагы жол кырсыктан 18 жаштагы айдоочу, 36 жаштагы жүргүнчү каза болду

Жалал-Абадда жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду. Жалал-Абад жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя тууралуу маалымат берди.

Кырсык кечээ, 31-августта саат 05:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 551-чакырымында катталган. Анда Volvo менен ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча ВАЗ-2106 унаасынын айдоочусу оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу — 2003-жылы туулган жигит менен анын жанындагы 36 жаштагы жүргүнчү каза болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.