Жалал-Абаддагы курулуш дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, дүкөн Байзаков көчөсүндө жайгашкан. Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн жалпы 4 бөлүм тартылып, саат 13:02де чектөөгө алынган.