Жалал-Абаддагы мейманканада 14 жаштагы кыз зордукталды

Аксы РИИБге 1978-жылы туулган район тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылдын 2-январь күнү саат 22:00 чамасында 14 жаштагы кызын 31 жаштагы киши Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде зордуктап койгондугун билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бул окуя Аксы милициясы тарабынан каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад ШИИБге жиберилген. Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан бул окуяга байланыштуу тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында арыз ээсинин арызында көрсөтүлгөн бала Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын тургуну 1993-жылы туулган жаран экендиги такталган. Учурда текшерүү иштери уланууда.