Жалал-Абаддагы мектепте түн ичинде чыккан өрт таңга маал өчүрүлдү (сүрөт)

ӨКМге Тогуз-Торо районуна карашту Каргалык айыл аймагында жайгашкан Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин чатыры күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 00:10до келип түшкөн.

Ал жерге эки өрт өчүрүүчү бөлүмү, 10 куткаруучу жана ыкчам топ тартылган, саат 01:03тө имарат толук курчоого алынып, өрт толугу менен 07:10до өчүрүлгөн. Жалпысынан өрттүн кесепетинен мектептин 480 чарчы метр чатыры толук күйгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.