Жалал-Абаддагы Шакафтар-Сумсар унаа жолун суу жеп кетти (сүрөт)

Шакафтар-Сумсар унаа жолун суу жеп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 10-май күнү саат 16:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Сумсар айыл аймагында Шакафтар-Сумсар унаа жолунун болжол менен 10-чакырымында Заправка сайынын жээгин суу жеп жол каттамына коркунуч жараткан. Жол каттам бар.

Мындан сырткары, Сумсар айылындагы Сумсар орто мектебинин короосун суу каптаган. Жерине Жарандык коргонуу комиссиясы, Чаткал райондук №80 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылды. Тазалоо иштери суу азайып кургагандан кийин жүргүзүлөт.