УКМК тарабынан алдамчылык жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринин ээси Кыргыз жараны И.Н.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Шектүү бир нече жылдан бери соода түйүндөрүнүн ижарачыларынын оор абалынан пайдаланып, ижара акысын системалуу түрдө бир тараптуу жогорулатып, макул болбогон ижарачыларды ортодогу келишимди бузуу коркунучу менен алар төлөгөн ижара акысынын иш жүзүндөгү баасын жашырууга мажбурлаганы аныкталды. Ошентип, ал салык отчетторунда азайтылган ижара суммаларын көрсөткөн. Бул жагдайлар боюнча УКМКга соода түйүндөрүнүн ижарачыларынан бир нече жамааттык кайрылуулар келип түшкөн. Узак убакыттан бери жүрүп жаткан схемадан улам айыпталуучу соода түйүндөрүнүн ижарачылары менен салык органдарынын ортосунда ортомчу болуп, соодагерлер тарабынан төлөнгөн салык төлөмдөрүн алдоо жолу менен өзүнө ыйгарып турган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.