Жалал-Абаддын Терек-Сай айылында сел жүрүп, турактарга зыян келтирди

Кечээ, 10-май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Терек-Сай айыл өкмөтүндө сел жүрүп, бир катар турактарга зыян келтирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

«10-май күнү Терек-Сай айыл өкмөтүндө саат 14:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен коктуу-колоттон чогулган суудан сел жүрдү. Сел 1 турак үйдүн ичине кирген, андан сырткары 6 турак үйдүн короосуна шагыл-таштар үйүлүп, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. Атайын техникалардын жардамы менен селди тазалоо иштери жүргүзүлдү», — деп жазылат маалыматта.