Жалал-Абаддын тургунунан 6 килограммдан ашык гашиш табылды

Атайын операциянын жүрүшүндө 6 килограмм 922 грамм гашиш табылып алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

11-сентябрда саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарында Өзбекстандын жараны, мурда өз өлкөсүндө жана Кыргыз Республикасында соттолгон 1970-жылы туулган жаран кармалган. Кармалган жаранды текшерүү учурунда, андан түстүү баштык табылып, анын ичинде скотч менен оролгон эки таңгактагы кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат болгон. Табылып алынган заттын жалпы салмагы 1 килограмм 905 грамм болгон ооган түспөлүндөгү гашиш экендиги аныкталды.

Ошол эле күнү саат 19:00 чамасында баңгизатты сатууну көздөп жаткан жаран кармалган. Саткан баңгизаты үчүн акча каражатын алуу учурунда 1995-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну кармалган. Анын шымынын оң чөнтөгүнөн көзөмөлдөнгөн затты сатып алуу үчүн берилген 8 миң доллар табылып алынган.

12-сентябрда түнкү саат 01:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын тургунунун жашаган жерин тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар таңгакталган 5 зат табылган. Анын жалпы салмагы 6 килограмм 922 грамм ооган түспөлүндөгү гашиш болуп чыккан. Иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизат Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан сугат талааларынан жеткирилгени аныкталды. Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.