«Жалгызымды жеп коюшту». Кадамжайда өлтүрүлгөн кыздын ата-энеси акыркы сүйлөшүүсү тууралуу айтып берди

Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы окуучунун ата-энеси «Турмуш» басылмасына кызы менен акыркы жолу сүйлөшкөнү тууралуу айтып беришти.

«Жалгыз кызым бар болчу. Мектепте да жакшы окучу. Акыркы жолу кызым менен сүйлөшкөндө Москвада болчумун. Окуяга чейин 3 күн мурда сүйлөшкөм. «Жакшымын, окуп жатам. Баары жакшы» деген. Жоош кыз эле. Зөөкүрлөрдү аткыла же бизге бергиле», — деди атасы.

«Зөөкүрлөргө өлүм жазасын берсин. Ошол үчөөнү менин көзүмчө атсын. Менин жалгыз кызымды… Жалгызымды жеп коюшту. Кызым менен сүйлөшкөнүмө 2 күн болгон. Интернеттен пирог жасайм деди, мен бирдик салдым. Анан жасаган пирогун көрсөттү. Эмнеге өлтүрүштү. Жөн эле таштап коюшса болот эле да», — дейт ыйлаган эне.

Кечээ, 5-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы кыздын киши колдуу болгону маалым болгон. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектелип 3 адам кармалды. Бүгүн анын жакындары кыздын сөөгү жерге берилгенин айтышты. Ошондой эле кыздын класс жетекчиси анын 1-2-сентябрда окууга келгенин айтып, кыздын сабактан калбай келерин билдирди.