«Жалпы баасы 10 миллион сомго жакын». Жасалма акциздик маркалары бар спирт ичимдиктери аныкталды

10 миллион сомго жакын контрабандалык спирт ичимдиктеринин партиясы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

4-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылындагы кампалардын биринде өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө ар кандай аталыштагы 10 миңге жакын жасалма акциздик маркалары бар, жалпы суммасы 10 миллион сомго жакын, элиталык алкоголдук продукциялар табылып алынган.

Бул алкоголдук продукциянын ар биринин баасы Бишкектин базарларында 1000 сомдон 3000 сомго чейин эсептелинет. Учурда мамлекетке келтирилген зыянды баалоо, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана сатууга бийлик өкүлдөрүнүн катышуусун аныктоо боюнча тиешелүү чаралар жүрүп жатат.