«Жалпы чыгым 120 миң сом». Ошто убактылуу жашайм деп кирген үйдөгү буюмдарды сатып жиберген шектүү кармалды

Убактылуу жашап туруу үчүн берилген үйдүн жылытуучу батареяларын, курулуш материалдарын чыгарып сатып жиберген шектүү кармалды. Бул тууралуу ОШ ШИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«8-июнь күнү Ош ШИИБиге 1981-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал арызда 27-апрель күнү Ош шаарынын Амир-Тимур кичи шаарчасында орун алган өзүнүн үйүнө убактылуу жашап туруу үчүн жарандарды киргизгенин, ал жарандар үйүндө убактылуу жашап жүргөн кезде үйдүн ичиндеги 4 даана, ар биринде 15тен кабыргасы бар жылытуучу батареяларын, 60 миң сомдук курулуш материалдарын сатып, буюмдарын алып, үйдөн чыгып кеткендигин, жалпысынан 120 миң сом зыян тарткандыгын билдирген. Аталган окуя боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип Өзгөн районунун 1987-жылы туулган тургуну кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.