ЖАМК: «Аскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүн эмес»

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) камактагы ырчы Аскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда бошотууга мыйзам жол бербей турганын билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ырчынын адвокаты анын абактагы үлгүлүү жүрүм-турумун эске алуу менен жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну суранып, өтүнмө жиберген.
Жаза аткаруу кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен жазага тартылган жарандар мөөнөтүнөн мурда бошотулбай турганын билдирген.
Айта кетсек, 2024-жылдын 1-июлунда Свердлов райондук соту Аскат Жетигенди Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан.