Жанар Акаев Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Аскер прокуратурасына чакыртылды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине эл өкүлүнүн жакындары тастыкташты.

Маалыматка караганда, ал суракка бүгүн, 2-июнга саат 15:00гө чакырылган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берет.

14-апрелде депутат УКМКга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу сурак берип чыккан.