Жанар Акаев УКМКга суракка чакырылганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу сурак берип чыкты.

Бул тууралуу депутат 13-апрелде журналист Али Токтакунов менен интервьюсунда билдирди.

«Эч жакка айта элек элем. Он беш күн мурда дагы УКМКга суракка чакырышты. Күбө катары кел деп. Мен суракка бардым. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу деп кол коюп бердим. Абдил Сегизбаевдин иши боюнча. «Ушуга көрсөтмө бересизби, убагында ушинттиңиз эле» дешти. Бирок суракка чакыруунун ар кандай себеби бар. Мен Сегизбаев менен иштебесем, аны менен байланышым жок болсо… УКМКга чакырып, бизди суракка алуунун өзү — психологиялык кысымдын бир түрү. Экинчиден, суракка кирип баратканда телефонуңду алып коюшат. Биз кирип кеткенден кийин телефондон көчүрүп алышат. Көп саясатчылар менен сүйлөшсөм, сурактын себебин ошону менен байланыштырышты. Башка эле маселе менен суракка чакырып, телефонду калтырып киресиң. Бирок маселенин баары телефондо деп айткандар болду. Атайын адистер бар, телефондун сыр сөзүн ача албайт, бирок программаларын көчүрүп, ким менен эмне тууралуу сүйлөшүп жатканыңды карап турган. Ошол себептүү биз сүйлөшүп, жазышканда да абайлаганга аракет кылабыз», — деди ал.

Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатат. Алар “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу. Ал «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) негизинде 25-январда кармалган. Азыр атайын кызматтын тергөө абагында отурат. Биринчи Май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 25-майга чейин узарткан.