«Жандандыруу бөлүмүндө жатат». Чүйдө милиция кызматкерин өз үйүндө бычак менен сайган делген жаран кармалды

Жергиликтүү ЖМКлар Чүйдө милиция кызматкеринин үйүнө кирген жаран анын денесине бычак менен жараат келтиргени тууралуу жазып жатышат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдиришти.

Кечээ, 27-декабрь күнү милицияга Сокулук районунун Романовка айылындагы үйлөрдүн биринде белгисиз бирөө үй ээсинин денесине бычак менен жаракат келтиргени тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат боюнча окуя болгон дарекке милиция кызматкерлери барган. Териштирүү учурунда Романовка айылындагы үйлөрдүн бирине кирген жаран белгисиз себептерден улам уктап жаткан үй ээсинин ич тарабына бычак сыйып, жабырлануучу бейтааныш жаран менен кармаша кеткен учурда үй-бүлө мүчөлөрү ойгонушуп, алар үйгө кирген кишини кармап калышкан.

Жабырланган үй ээси ИИМдин Ленин райондук күзөт кызматынын кызматкери, милициянын ага сержанты экендиги такталып, ал Сокулук райондук аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Шектүү жарандын 1971-жылы туулгандыгы такталып, ал эмне себептен үйгө киргендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.