«Жансыз дене баштыкка оролгон болчу». Чүйдө өлтүрүлгөн ишкердин жакындары соттун өкүмүнө нааразы экенин билдиришти

Маркумдун сүрөтү бир тууган карындашынын уруксаты менен жарыяланды

Ушул жылдын 24-июлунда милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган жаранды издеп жатканы тууралуу маалымат беришкен. Жаран 22-июлда үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес. 25-июлда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жарандын жансыз денеси табылганы маалым болгон. «Сокулук РИИБде киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам кармалды», — дешкен милициядан.

26-июлда Чүй ОИИБ маалымат таратып, ага таандык унаа айылдын четинен табылып, шек жаратканын, жаран жоголгон күнү андан карызга акча алып, кайтарбай жүргөн таанышына кеткендиги аныкталган. Кылмыш ишине шектүү катары Сокулук районунун 1988, 1993 жана 1965-жылы туулган жарандар аныкталган. Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда шектүүлөр дайынсыз жоголгон жаранды өлтүрүп, сөөгүн айыл четине катып коюшканы аныкталган.

Редакцияга жогорудагы окуя боюнча маркум Кенжебек уулу Жанарбектин бир тууган карындашы кайрылып, шектүү катары кылмыш ишинде өтүп жаткан ата жана анын 2 уулуна Сокулук райондук соту өкүм чыгарганын айтып, өкүмгө нааразы болду. Карындашынын айтымында, агасынын артында 3 кыз, 1 уулу калды. «Агам 22-июлда үйдөн чыккан. 25-июлга караган түнү анын жансыз денеси баштыкка оролуп, дөңгөлөктөрдүн астынан табылган. Шектүүлөр ата жана анын 2 баласы. Агам Чүйдө мал, дыйканчылык жана малдын эти менен ишкерлик кылчу. Шектүүлөр агама акча карыз экен. Май айында беришерин айткан. Бирок бербептир. Анан чалып сурай баштаганда, ар кайсы шылтоону айтып, созуп жүрүптүр. Анан эле агам дайынсыз болуп кетти. Анын унаасы табылды. Кийин өзүн өлтүрүп, жансыз денесин баштыкка салып, катып койгонун билдик. Сот өкүмү чыкты. Бирок биз нааразыбыз. Атасы менен бир баласы 15 жылга, дагы бирөө 12 жылга эркинен ажыратылды. Биз аларды өмүр бою эркинен ажыратылышы керек деп эсептейбиз», — деди бир тууганы.

Редакцияга Чүй облустук сотунан өкүм 15-декабрда чыкканын тастыкташты. «Р.Ю.С. 15 жылга, Р.Д.С. 12 жылга, Д.А.В. 15 жылга эркиенен ажыратылган. Үчөө тең күнөөлүү деп табылып, 1 миллион 500 миң сом кенемте өндүрүү боюнча чечим чыккан», — дешти соттон.