«Жансыз дене өлүкканада жаткан». Бишкекте 53 жаштагы киши өлгүчө сабалган

Бишкекте денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 5-декабрда саат 09:30 чамасында шаардык өлүкканадан белгисиз эркек кишинин жансыз денеси тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ленин РИИБдин кызматкерлери барышкан. Анын аты-жөнү такталып, 53 жаштагы киши болуп чыккан. Денесинде криминалдык тактар байкалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган. Маркумдун шаардагы үйлөрдүн биринде сабалганы маалым болгон. Кылмышка шектелип, 51, 31 жана 36 жаштагы жарандар кармалды. Алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.