«Жансыз дене таштандыдан табылган». Исфана шаарында киши өлтүрдү делип, Тажикстандын жараны кармалды

Исфана шаарында 58 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга шаардын 35 жаштагы тургуну атасы 58 жаштагы жаран чайхана иштетип жүргөн жеринен дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирип кайрылган. Лейлек РИИБдин ыкчам тергөө тобу чакырылган дарекке, тактап айтканда дайынсыз жоголгон жаран иштетип жүргөн чайханасына барып, кароо жүргүзгөндө, чайхананын көмүр сактоочу жайында таштандылардын арасында кийимдери чечилип, күч колдонуп өлтүрүлгөн жарандын жансыз денесин табышкан.

Бул факты Лейлек РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Лейлек жана Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, качып жүргөн Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Ханобад айыл өкмөтүнүн 53 жаштагы тургунун аныктап, кармашкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кармалган жаран мурда Өзбекстанда оор кылмыш жасап соттолгондугу жана Кыргызстанга мыйзамсыз чек араны бузуп киргендиги белгилүү болду. Азыркы күндө кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.