«Жансыз денелери 18 метр тереңдикте болгон». Чүйдө кудук казып жаткан 3 жаран жан берди, дагы экөө ооруканада

Кечээ, 26-июнда Чүйдө кудук казып жаткан 3 адам көз жумду, дагы 2 адамдын абалы оор. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан короонун ичинде катталган. 5 эркек киши кудук казып жаткан. Казып жаткан учурда кудуктун ичинде аба жетпей 1 адам кулап калган, аны алып чыгам деп экинчиси кудукка кирип, аба жетпей ал дагы кулаган. Калгандары дагы ушул эле иш-аракеттериди жасап, кудуктун ичинде аба жетпей калып калышкан.

Кырсык катталган жерге Токмок шаарындагы өрткө-каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, ИИМ жана Тез жардам кызматы чакыртылып, жабыркаган жана каза болгон адамдарды 18 метр терең болгон кудуктан чыгарышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болгон. 1980, 1982, 1987-жылы туулган 3 жаран жан берген. 1989 жана 1999-жылы туулган жарандар жабыркаган.

Жабыркаган жарандарды Тез жардам кызматкерлери Токмок шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми каза болгон жарандардын сөөктөрү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген. Маалыматка ылайык, кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метрди түзөт. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизелдик майдын жыты пайда болгон. Себеби жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан.