«Жансыз денелери үйдө 2 күн жаткан». Ноокатта бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсү иске ууланып каза болду

Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүндө бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсү иске ууланып каза болду. Бул тууралуу «Турмуш» жазып чыкты.

«Маркумдардын айылдаштары билдиргендей, 20-февраль күнү 1958-жылы туулган эркек киши, 1961-жылы туулган аял киши, 3-класстагы небереси түндөн чыкпай калган. Алардын жансыз денеси эки күн үйдө жатып калган. Эркек киши тиш доктур, аялы мугалим болгондуктан, аларды жумушундагылар издеп, эркек кишинин инисине телефон чалып кабар алуусун суранышкан. Ал агасынын үйүнө келип, дарбазасы ачылбагандыктан кетип калган. Түштөн кийин дагы бир ирет келип, жансыз денелерди көргөн», — деп айтылат маалыматта.