Жаңы-Жер айылындагы аскер кызматкеринин өлүмү. Башкы прокуратура эмне дейт?

Жаңы-Жер айылындагы түзөтүү мекемесинде келишимдик негизде кызмат кылган аскер кызматкери окко учкан. Окуя 17-сентябрда катталган. Кенже сержант Рустан Иминов 20 гана жашта болчу.

Бул окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Башкы прокуратурадан комментарий беришти. «18-сентябрда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) кылмыш белгилери менен сотко чейинки өндүрүш катталган. 19-сентябрда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка шектүү 98-беренесинин негизинде Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына камалды. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Айрым ЖМКларга каза болгон жигиттин апасы кайрылып, уулунун өлүмү тууралуу түзөтүү мкемесинен ар кандай версиялар айтылганын билдирген. Адегенде ага уулунун өзүн-өзү атканын айтышса, кийинчерээк аны 19 жаштагы аскер атып алганын айтышкан, бирок маркумдун апасы соңку версияга ишенбейм деген.