Жаңы-Жердеги адам өлтүрүү. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда журналисттерге билдиргендей, милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүүлөр изделип жатат. 

Багыт боюнча, 1982-жылы туулган Абдуллаев Курбангаджи Кадиевич жана 1979-жылы туулган Даудов Магомед-Эмин Мусаевич ак түстөгү Приора үлгүсүндөгү унаа менен жүрөт жана жанында курал-жарактары бар.

Кечээ, 22-сентябрда Жаңы-Жер айылынын тургуну 1954-жылы туулган жарандын денесинде октон алган жаракаты менен жансыз денеси ооруканага жеткирилген. Ошондой эле аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын экинчи тургуну 1986-жылы туулган жаран октон алган жаракаты менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган.