Жаңы-Жердеги адам өлтүрүү. Милиция шектүүлөрдү кармады (видео)

Сокулукта адам өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2-сентябрда 1954-жылы туулган Жаңы-Жер айылынын тургунунун денесинде октон алган жаракаты менен жансыз денеси ооруканага жеткирилген. Аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын 1986-жылы туулган экинчи тургуну октон алган жаракаты менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган. Ал эми шектүүлөр изделип жаткан. 

Милиция тарабынан 100 киши суралып, 27 тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Кылмышка шектүү катары төмөнкү адамдар кармалган: 1954-жылы туулган Д.М., 1988-жылы туулган М.М., 1997-жылы туулган М.М., 1990-жылы туулган Д.Г., 1998-жылы туулган М.М. Алар убактылуу кароочу жайга киргизилген. Иш ИИМдин башчысынын көзөмөлүндө турат. Тергөө уланууда.