Жаңы-Жердеги адам өлтүрүү. Шектүүлөр кармалды

Кечээ, 22-сентябрда 1954-жылы туулган Жаңы-Жер айылынын тургунунун денесинде октон алган жаракаты менен жансыз денеси ооруканага жеткирилген. Аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын 1986-жылы туулган экинчи тургуну октон алган жаракаты менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган. Ал эми шектүүлөр изделип жаткан. 

Чүй ОИИБ маалымат таратып, шектүүлөр кармалганын билдиришти. 30дан ашык адам Сокулук РИИБге жеткирилип, суракка алынган. Шектүү катары айылдын 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция бул иш боюнча дагы эки айыпталуучуну издеп жатат. Алар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.