ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Жаңы жыл майрамын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн жогорку баскычта кызмат өтөп, азыркы учурда да улантууда.
Кызмат өтөө учурунда өлкө аймагында одоно жол эрежелерин бузган 2000ден ашуун айдоочулар аныкталды. Алардын ичинен:
— Мас абалында унаа башкарган 64 айдоочу;
— Көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдаган 460 айдоочу.
Одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 301 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди. Ал эми өлкө аймагында жалпы 24 жол кырсыгы катталып, көпчүлүгү жеңил материалдык чыгымдар менен коштолгон учурлар. Өздүк курам арасында эч кандай мыйзам бузууларга жол берилген жок. Азыркы учурда жол коопсуздугу туруктуу жана баары жетекчиликтин жеке көзөмөлүндө.