Жаңы жылда таң эрте Бишкек-Ош жолунда айдоочу жан берди

Бүгүн, 1-январда саат 08:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 645-чакырымында 2 унаа кагышып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазып чыкты.

Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын ичинде болжол менен 5-6 адам болгон. Ал эми экинчи унаа — Субару Аутбекте 1 эркек, 1 аял, 2 бала бара жаткан. Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын айдоочусу унаага кыпчылып калган. Ал окуя болгон жердеги адамдар жана чакырылган куткаруучулар тарабынан чыгарылып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилди. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза боду. Унаадагы калган адамдар Ош аймактык облустук ооруканасына Тез жардам кызматы менен жеткирилди.

Окуя болгон жерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана Тез жардам унаасы чакыртылган.