«Жаңы жылды үй-бүлөсү менен тосушуна жардам бериңиз». Чыңгыз Мамаевдин жактоочусу президентке кайрылды

Зордуктоого шектелип, камакка алынган актёр Чыңгыз Мамаевдин жактоочусу Нурсултан Жаныбеков президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жактоочусу менен байланышканда маалым болду.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, маданияттын мыкты кызматкери Чыңгыз Мамаев күнөөсүз, далилсиз айыпталып, 8 айдан бери СИЗОдо камакта отурат. Азыр катуу ооруп аткан учуру. Жакында эле Жаза аткаруу кызматынын ооруканасынан кайра СИЗОго которулуп келди. Медициналык кагаздары бар, ошого карабастан сот камакта калтырып, үй камагына чыгаруудан баш тартып жатат, мен жактоочусу актёр Чыңгыз Мамаевдин күнөөсү жок экенин далилдеп берем, бирок азыр сизден суранарым, сот отуруму, тергөө аяктаганча үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздү суранам. Айтайын дегеним, Жаңы жылды Чыңгыз Мамаев үй бүлөсү менен тосуп, балдарынын жанында болуусуна сиздин жардам беришиңизди суранам. Жакында Бишкек шаардык сотунда анын бөгөт чарасы каралат», — деди ал.