Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 452 миллион сомдук 41 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 2243 жана 486-контурларда жайгашкан 41 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Тактап айтканда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 26-июнундагы №882 жана 2014-жылдын 30-декабрындагы №68 токтомдорунун негизинде айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү трансформациялоо иштери жүргүзүлбөстөн, жергиликтүү калкка жеке турак жай куруу үчүн жалпы аянты 41 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилген. Жер кодексинин 1-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык, сугат айдоо жерлери, анын ичинде көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн баалуу айыл чарба жерлери, кайрак жерлер, маданий жайыттар, чабындылар өзгөчө баалуу жерлердин категориясына кирет. Ал эми ушул кодекстин 20-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, жайыт жерлерин түп-тамырынан бери жакшыртуу үчүн, өкмөттүн чечими боюнча гана жердин башка түрлөрүнө же башка категорияларга которулууга тийиш. Мындан тышкары, Жер кодексинин 12-беренесинин 3-бөлүгүнө (1999-жылдын 2-июнундагы редакциясына) ылайык, жер участогун максаттуу багытынан тышкары башкача пайдаланууга жол берилбейт.
Көрүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында, айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү фактысы далилденип, ага байланыштуу УКМК тарабынан Ноокат районунун прокуратурасы менен биргеликте чара көрүлдү. Натыйжада мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 452 миллион сом деп эсептелинип, жогорудагы жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл аймагынын балансына кайтарылды.
Козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир катар кызмат адамдары, анын ичинде мурда жетекчи кызмат орундарын ээлеген адамдар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Айрым кызмат адамдарына карата УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.