Жаңы төрөлгөн ымыркайы менен камакта кармалып келген аял эркиндикке чыкты

Жаңы төрөлгөн ымыркайы менен камакта кармалып келген аял Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен эркиндикке чыкты. Райондук соттун өкүмү башка бөлүгүндө күчүндө калды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

«Свердлов райондук сотунун өкүмү ымыркай 14 жашка чыкканга чейин аткарылбайт. 14 жашка чыккандан кийин болсо, мыйзамга ылайык, эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза башка жеңил түрүнө өзгөртүлөт же аны өтөөдөн таптакыр бошотулат», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин жактоочу Замир Жоошев кыркы чыга элек чүрпөсү менен Бишкек шаардык сотуна жеткирилген келиндин сүрөтү менен бөлүшкөн болчу. Кийин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов баласы менен түрмөдө отурган аялды кечирүү жагын карап берүүнү сураган эле.