«Классташтары кызды чечинтип, муунтканын көрүшкөн». Ноокенде 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендин жакындары жазаны жеңилдетүүгө аракет кылып жатканы айтылды

Ноокен районунда 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 28 жаштагы А. аттуу жарандын туугандары жазаны жеңилдетүү үчүн аракет кылышууда. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо мекемесинен маалымдашты.
— Маалыматка ылайык, 2022-жылы 26-майда башталгыч класстагы 3 окуучу кыз мектептен келатканда 28 жаштагы айылдашы тосуп чыккан. Ал тыт жегиле деп короосуна чакырып, андан соң үйүнө киргизип тамак берген. Кыздардын ата-энеси тууралуу сураганда бирөөсү апасынын гана атын атаган (ата-энеси ажырашкан). Шектүү ошол кызды суу алып келели деп алдап сыртка алып чыгып зордуктап койгон. 
Кыздын апасы канчалык психологиялык сокку болгону менен кылмышкерге катаал жаза берилсин деген максаты болбогондугун айтат. Сот чечсин деп соттун адилеттүүлүгүнө ишенип койгон. Кийин шектүүнүн туугандары аялды тосмо арыз жазуу үчүн 9 миллион сом сураган деп каралап баштаганда күнөөкөрдүн жазасын күчөтүү талабына өткөн. 
Жеке көрүшкөндө күнөөкөрдүн апасы баласынын жазасын жеңилдетип берсе, кызынын дарылануусуна жардам берип, кайда болбосун жашаган батирине төлөп турабыз деп ишендирген. Эгер бала 25 жылга же өмүр бою кесилсе, анда эч кандай жардам бербей турганын билдирген. 
 «Справедливость» Жалал-Абад укук коргоо мекемесинин жактоочусу Нурислам Райимжанов башкаларга сабак болуусу үчүн зордуктаган кылмышкерди максималдык жазага тартуу керектигин айтат. «Эки классташы күнөөкөрдүн кызды чечинтип, муунтканын көрүшкөн. Экөө бакырып жибергенде кылмышкер аларга «кеткиле!» деп бакырган. Тергөө учурунда эки кыз тең шектүүнү таанышкан», — дейт жактоочу. 
Зордукталган кыздын апасы кызы экөөнө коопсуздук кызматы менен камсыз кылып берүүнү суранып Ноокен райондук прокуратурасына кайрылган.
28 жаштагы А. Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Иш Ноокен райондук сотунда 15-августта каралмакчы» — деп жазылат маалыматта.