Жапыкеев автомектептердеги коррупциялык схемаларга киришти

Финансы полициясы Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бетин ачканы тууралуу маалымат таратты. Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы автомектептердин “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын сайты боюнча талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында айдоочулук күбөлүк алган курсанттар жөнүндө маалыматтар менен Салык кызматы берген маалыматтар боюнча айырмачылыктар табылды.

Натыйжада автомектептердин бири эле мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтирген. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Азыркы убакта бардык аймактарда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо, бюджетке каражаттарды кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат.