«Жаракат алышкан эмес». Кара-Көлдө тоодон тоголонуп кеткен унаа боюнча милициянын маалыматы

Кечээ, 6-декабрда социалдык тармактын колдонуучусу Эртай Искаков Жалал-Абад облусунда унаа жүргүнчүлөрү менен тоодон тоголонуп кеткенин жазып, видео менен бөлүшкөн.

Бүгүн, 7-декабрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине милициядан окуя боюнча маалымат беришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Ош жолунун 404-чакырымында катталган. Лексус 350 унаасы тайгаланып, ылдый кулап кеткен. Ичиндеги адамдар жаракат алган эмес. Материалдык чыгым келтирилген. Унааны 1998-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан. Жүргүнчү катары 1993 жана 1999-жылы туулган жарандар бара жаткан.