«Жаран ооруканада көз жумган». Чүйдө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Чүй облусунун аймагынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 20-декабрда саат 20:30 чамасында Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун 16-чакырымында 2000-жылы туулган айдоочу Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, 1988-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Жол кырсыгы болгон жерден айдоочу Хонда-Одиссей унаасы менен жабырлануучуну Сокулук аймактык ооруканасына жандандыруу бөлүмүнө жеткизген, жабырлануучу кийин каза болуп калган. Ал эми айдоочу ооруканадан кетип калган. Кырсыктан кийин айдоочу кылган кылмышын жашырыш үчүн унаасын жашырып да койгон.