Жанынан 800 грамм «Афган чарс» баңги заты чыккан жаран кармалды

Кечээ, 29-январда Аламүдүн районунун Байтик айылында К.С.А. аттуу жаран кармалды. Аны тинтүү учурунда жалпы салмагы 800 грамм кочкул жашыл түстөгү «Афган чарс» баңги заты табылган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Жогоруда аталган баңги каражаттарды алуу жана таратуу каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында УКМК тергөө-оперативдүү иш-чаралардын тиешелүү комплексин улантууда», — деп жазылат маалыматта.