«Жаранды 2 жолу аткан». Чолпон-Атадагы депутат кармалды

ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык кеңештин депутатын бейбаштыкка шектүү катары кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Июнь айынын башында ИИМге арыз менен Чолпон-Ата шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 2022-жылдын октябрь айында шаардык кеңештин депутаты себеби жок травматикалык тапанча менен аны эки жолу атып, денесине залал келтиргенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жабырлануучунун далысында жана сол билегинде эки так бар экени аныкталган. Жабырлануучу укук коргоо органдарына кеч кайрылуусунун себебин депутат Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондуктан, өз өмүрү жана ден соолугу үчүн корккондугу менен түшүндүргөн.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Ысык-Көл облусунун аймагында 1979-жылы туулган жаранды кармашты. Кармалган жаран Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, кармалып, убактылуу кармоочу жайында киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.