Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек 5 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек 5 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими өзгөртүлгөн, анда көрсөтүлгөн пробациялык көзөмөл алып салынган.