Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек башаламандык уюштурууга айыпталууда

Бүгүн, 30-майда жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден ага массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылганын билдиришти.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жарандык активист жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат»,- дешти милициядан.