Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек сот салынан бошотулду

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-ноябрындагы өкүмүнө ылайык, жарандык активист Адилет Али Мыктыбек Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып ал 5 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде жаза өтөөдөн бошотулуп, ага карата 3 жыл мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалды.

«Жарандык активистке карата соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына келүү, өлкөнүн чегинен чыкпоо, пробация органына жашаган жери, иши же окуусу жөнүндө, ошондой эле алар өзгөргөндүгү тууралуу кабарлоо, каттоо жана профилактикалык маектешүүгө катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келүү көзөмөл талаптарын аткаруу жүктөлдү. Айыпталуучу бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, камактан сот залынан токтоосуз бошотулду. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары эч жакка кетпөө тил каты колдонулду, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылат. Өкүм 30 сутканын ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте даттанылууга жатат», — деп айтылат маалыматта.