Жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин апасы бийликке кайрылды

Камакка алынган жарандык активист Адилет Балтабайдын апасы Сайкал Жунусова президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Сайкал Жунусова билдиргендей, былтыр уулу сын-пикири үчүн кармалып, соттун чечими менен пробацияга чыгарылган.

«Адилет Балтабайдын пробациясын жокко чыгарып, кайра абакка камоо аракеттери болууда. Иш Чүй облустук сотто 22-декабрда каралмак. Бирок ал күнгө жеткирбей эле милиция кызматкерлери уулумду 15-декабрда кармап кетип, ал камакка алынган. Өткөн жылдан бери калыс сөзүн айтып койгон балабызга соттоолор, камоолор, куугунтуктоолор болуп жатат. 22-декабрда боло турган соттук отурумга чейин Сокулук райондук милициянын уулумду камап койгондугу бул адилетсиздик. Ошондуктан биз сиздерге адилеттик, калыстык издеп, кайрылууну чечтик. Биздин өтүнөрүбүз туура чечип бериңиздер. Пробациясынын жокко чыгарылып жатканы туура эмес болуп жаткандыктан оң жагына чечип берүүңүздөрдү, сиздерге туура эмес кошомат кылып, зыян келтирип жаткандарды тескеп коюуну суранабыз. Биз жөнөкөй элбиз. Миллиондогон жөнөкөй элдин бирибиз. Биз өлкөбүздө тынчтык болушун, өнүгүшүн каалайбыз», — деди ал.