Жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин сот өкүмү 11-ноябрда чыгат

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин иши боюнча соттук отурум өттү. Буга чейин ага бул күнү сот өкүмү чыгары айтылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жубайы Адилет Али Мыктыбектин акыркы сөзүнө убакыт жетпей калганын айтты. Ошондой эле прокурор 5 жыл сураганы маалым болду. «Прокурор 5 жыл сурады, бирок сотто лингвистикалык экспертизанын корутундусун чыгарган эксперттердин бирөөсүнүн лицензиясы жок экени айтылды. Адвокат бул боюнча кагаздарды сотко өткөрүп берди. Кийинки соттук отурум 11-ноябрда өтөт«, — деди ал.

Адилет Али Мыктыбек Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча кармалган.