Жарандык активист Мелис Аспеков президенттин ырайымы менен бошотулду

Жарандык активист Мелис Аспеков бошотулду. Маалыматты ЖАКтан тастыкташты.

Аспеков 2022-жылдын 2-февралында соттолуп, 7 жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен анын жазасы жеңилдетилип, жаза мөөнөтү 6 жыл болуп кыскартылган. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 9-январынын башталган. Президенттин соттолгондорго ырайым берүү боюнча жарлыгынын негизинде 23-майда Молдовановка айлындагы №27 абактан бошотулган.