Жарандык активист Тилекмат Куренов №27 түзөтүү колониясына которулду

Активист Тилекмат Куренов №27 түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу Эрлан Бекчороев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин активист Бишкектеги СИЗО-1де кармалып турган. Кечээ ал №27 колонияга которулган.

15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген. Свердлов райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 1 айга камакка алган. 9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак Үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген эле.  20-августта Свердлов райондук сотунда жарандык активист Тилекмат Куреновдун иши каралып, ал 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.